Бул лот боюнча тоорукка катышуу жана баа коюу үчүн – бул Лот үчүн төлөөгө даяр суммаңызды көрсөтүлгөн кыска номерге SMS-билдирүү жөнөтүңүз.
Же бул Лотту азыр дароо блиц-баа менен аукциондун тооругуна катышпастан сатып алгыңыз келеби?
Ал үчүн ошол эле номерге блиц-баанын суммасын көрсөтүү менен SMS-билдирүү жөнөтүңүз.
1000 сом өлчөмүндө шертпул сиздин балансыңыздан кармалат.
Тооруктар аяктары менен утпай калган бардык катышуучуларга бул шертпул баланстарына кайтарылып берилет.

О! МОБИЛДИК ОПЕРАТОРУНАН КООЗ НОМЕРЛЕРДИН АЧЫК АУКЦИОНУ
Platinum категориясындагы статустуу премиум-номер каалайсызбы?Онлайн-аукционго катышыңыз жана кооз номерди сатып алыңыз!
Кантип катышса болот?
1. vipnomer.o.kg сайтындагы Эрежелер менен таанышыңыз.
2. Белгиленген бир лот боюнча тоорукка катышуу үчүн Аукциондун конкреттүү лотуна туура келген кыска номерге SMS жөнөтүү менен катталыңыз.
Тоорукка катышуу үчүн төмөндөгүлөр керек:
• О! мобилдик операторунун SIM-картасынын болушу;
• 18 жаштан улуу болушу;
• SIM-картанын балансында 1000 сомдон кем эмес каражаттын болушу;
• Аукциондун эрежелери менен тааныш жана макул болушу.
Тооруктун катышуучусу катары каттоо учурунда ар бир конкреттүү тоорук үчүн 1000 сом шертпул төлөнөт, ошондуктан бир лот үчүн тоорукка катышуу үчүн баланста 1000 сомдон кем эмес каражат болушу керек. Тооруктар аяктагандан кийин жеңүүчүдөн башка бардык катышуучуларга шертпул кайтарылып берилет.
Онлайн-тооруктар 1000 сом өлчөмүндө белгиленген тооруктун белгиленген кадамын эске алуу менен баштапкы бааны көтөрүү үчүн жүргүзүлөт.
Көңүл буруңуздар! Ошондой эле, тоорук баштала электе да, тоорук жүрүп жаткан учурда да конкреттүү лотко тиешелүү болгон кыска номерге блиц-бааны көрсөтүү менен алгачкылардан болуп SMS жөнөтүү менен номерди пайдалануу укугун сатып алса болот. Бул учурда сиз автоматтык түрдө тооруктардын жеңүүчүсу деп табыласыз.
Аукционду өткөрүү убактысы: 1.01.2024 ж. - 15.01.25 ж.
Катталыңыз, бааларыңызды коюңуз жана арзандатуусу менен сонун номердин ээси болуңуз!
1. Эрежелер менен таанышыңыз.
2. Аукциондун конкреттүү лотуна туура келүүчү кыска номерге SMS жөнөтүү менен конкреттүү лот боюнча тоорукка катталыңыз.
Тоорукка катышуу үчүн төмөндөгүлөр керек :
• Аукционду өткөрүү боюнча Эрежелер менен таанышуу жана макулдугун берүү;
• 18 жаштан жогору жашта болуу;
• 1000 сомдон кем эмес балансы бар О! мобилдик операторунун активдүү SIM-картасын колдонуу.
Тооруктарга катышуу үчүн каттоодо ар бир конкреттүү Лот үчүн 1000 сом өлчөмүндө шертпул алынат.
Шертпулдун суммасы конкреттүү тооруктун бардык катышуучуларынын балансына тоорук аяктары менен автоматтык түрдө кайтарылат.
Онлайн-тоорук 1000 сом өлчөмүндө тооруктун белгиленген кадамын
эске алуу менен баштапкы бааны көтөрүү боюнча өтөт.
Көңүл бургула! Ошондой эле конкреттүү лотко туура келүүчү кыска номерге блиц-бааны көрсөтүү менен биринчи болуп SMS-билдирүүнү жөнөтүп, тоорук башталардан мурда да, тоорук учурунда да Лотту сатып алса болот! Мындай учурда Сиз бул Лот боюнча автоматттык түрдө жеңүүчү деп табыласыз.
1. Терминдер
1.1. Аукцион – PLATINUM категориясындагы абоненттик номерди берүү менен «Нур Телеком» ЖЧК байланыш кызматын көрсөтүү тууралуу келишим түзүүгө укукту сатып алуу үчүн уюштурулган онлайн-тооруктар, тоорук учурунда Лот үчүн эң жогорку бааны сунуштаган, же Лотту блиц-баа менен сатып алууну сунуштаган Аукциондун Катышуучусу ар бир Лот боюнча жеңүүчү катары эсептелинет.
1.2. Аукциондун уюштуруучусу (Уюштуруучу) – О! соода маркасынын алдында мобилдик байланыш кызматтарын көрсөткөн «НУР Телеком» ЖЧК.
1.3. Аукциондун катышуучусу – ишке жарамдуу, 18 жашка чыккан адам, же тооруктун каттоосунан өткөн алдын ала төлөм тутуму менен тейленген юридикалык тарап.
1.4. Лот –PLATINUM категориясындагы конкреттүү премиалдык номерди кошуу менен «Нур Телеком» ЖЧК байланыш кызматын көрсөтүү боюнча келишим түзүү үчүн укук.
1.5. Койгон баа – Аукциондун катышуучусунун конкреттүү Лотту сатып алуу үчүн сом түрүндө жана бардык салыктарды эске алуу менен берген баалык сунушу.
1.6. Алдыңкы койгон баа – азыркы учурда конкреттүү Лот үчүн Катышуучулардын бири тарабынан сом түрүндө бардык салыктарды эске алуу менен берилген максималдуу баалык сунуш.
1.7. Баштапкы баа – Уюштуруучу тарабынан белгиленген Лоттун минималдык наркы.
1.8. Блиц-баа –конкреттүү Лот боюнча тоорук башталардан мурда, же тооруктун аяктарына чейин каалаган учурда Катышуучу сатып ала турган Лоттун максималдуу баасы.
1.9. Тооруктун кадамы – Аукциондун катышуучусунун койгон баасын көбөйтө ала турган белгиленген акчалай сумма. Тооруктун кадамы 1000 (бир миң) сомго калдыксыз бөлүнүүчү өлчөмдө белгиленет. Тооруктун минималдык кадамы – 1000 (бир миң) сом.
1.10. Тооруктун жеңүүчүсү – Уюштуруучу тарабынан койгон баасы кабыл алынган, Лот үчүн эң жогорку баалык сунушун берген, же Лотту блиц-баа менен сатып алуу үчүн алгачкы сунушун берген Катышуучу.
1.11. Шертпул– Тоорукка катышкан ар бир Катышуучу ар бир Лот үчүн өзүнчө (бардык салыктарды эске алуу менен) 1000 (бир миң) сом өлчөмүндөгү шертпул төлөйт.
1.12. Кыска номер – Аукциондун конкреттүү номери үчүн тооруктарды өткөрүү үчүн Уюштуруучу тарабынан бөлүнгөн номер.
2. Жалпы эрежелер
2.1. Тоорукка катышуу үчүн бул Эрежелер менен таанышуу жана конкреттүү Лот боюнча кыска номерге SMS жөнөтүү менен Катышуучу катары катталуу керек, сиздин бул Эрежелерге макулдугуңузду бергендигиңизди тастыктайт.
2.2. Аукционго катышууну каалаган адам «НУР Телеком» ЖЧК түйүнүнүн SMS билдирүү жөнөтө алган тарифтик планы менен катталуу учурунда шертпулду төлөгөнгө жеткиликтүү балансы бар активдүү SIM картасынын ээси болушу керек же сатып алуусу керек.
2.3. Тоорукка катышууга каттоо Катышуучунун абоненттик номеринен Аукциондун Лотуна шайкеш келген кыска номерге каалаган SMS-билдирүү жөнөтүү менен ишке ашат. Шертпулдун суммасы тоорукка катышууну тариздөө процессинин жүрүшүндө Катышуучунун абоненттик номеринин балансынан автоматтык түрдө алынат. Кыска номерлер жана Аукциондун тиешелүү Лоттору тууралуу маалымат vipnomer.o.kg интернет-сайтында жайгаштырылат.
2.4. Тоорук анык убакыт шарттамында атайын программалык камсыздоону колдонуу менен жүргүзүлөт.
2.5. Тооруктун жүрүшү жана жыйынтыктары vipnomer.o.kg интернет-сайтында жарыяланат.
2.6. Шертпулдун суммасы конкреттүү тооруктун 3.4. пунктунда белгиленген учурлардан тышкары бардык Катышуучуларына тоорук аяктагандан кийин, 24 сааттын ичинде автоматтык түрдө кайтарылат.
2.7. Аукциондун чегинде ар бир Лоттун Баштапкы баасы бар.
2.8. Аукциондун катышуучуларынын бири дагы Конкреттүү Лоттун Баштапкы баасынан жогору баа койбогон учурда, бул Лот боюнча тоорук өткөрүлдү деп эсептелбейт жана мындай Лот тооруктан алынып салынат.
2.9. Эгерде катышуучу конкреттүү лот боюнча тооруктун аягына чейин конкреттүү Лотко туура келген кыска номерге Блиц-бааны көрсөтүү менен SMS-билдирүү жөнөтсө, анда ал автоматтык түрдө бул Лот боюнча жеңүүчү болуп табылат.
2.10. Койгон бааны жогорулатуу Лотко сунушталган бааны көрсөтүү менен конкреттүү номерге SMS-билдирүүлөрдү жөнөтүү менен ишке ашат. Койгон баа тооруктун Кадамына туура келиши керек. Бир канча Катышуучулар тарабынан SMS-билдирүүлөр жөнөтүлгөн учурда, Уюштуруучу тарабынан биринчи алынган Койгон баа эсептелинет.
2.11. Катышуучулардын бири Койгон бааны көтөргөн учурда, конкреттүү Лот боюнча тооруктун бардык Катышуучуларына Лоттун азыркы баасынын өзгөргөндүгү тууралуу SMS-билдирүү жөнөтүлөт.
2.12. Эгерде Катышуучу Койгон бааны көтөргөн учурда Блиц-баадан да жогору бааны көрсөтүү менен SMS-билдирүү жөнөтсө, анда Катышуучуга Лотту блиц-баа мене сатып алуу сунушталат.
2.13. Эгерде Катышуучу Койгон бааны көтөргөн учурда одоно текст менен одоно SMS-билдирүү жөнөтсө, анда Катышуучуга Койгон баа кабыл алынбагандыгы тууралуу SMS-билдирүү жөнөтүлөт.
2.14. Тооруктун жүрүшү жана жыйынтыктары тууралуу SMS-билдирүүлөр Аукциондун Катышуучуларына сутканын 24 саатынын ичинде келет.
2.15. Кыска номерлерге/ден SMS билдирүүлөрдү жөнөтүү жана алуу – 0 сом.
2.16. Конкреттүү лоттун катышуучусу койгон баасы алдыңкы болбогон учурда, «stop» дегент текст менен SMS-билдирүү жөнөтүү менен тооруктан чыгып кетүүгө акылуу. Мында Шертпулдун суммасы катышуучунун балансына 24 сааттын ичинде кайтарылат.
2.17. Уюштуруучу Аукциондун Катышуучуларына өзгөрүүлөр күчүнө киргенген чейин vipnomer.o.kg интернет-сайтына тиешелүү мааалыматты жайгаштыруу аркылуу милдеттүү түрдө эскертүү берүү менен Аукционду өткөрүүнүн эрежелерине өзгөртүү киргизүү укугун өзүнө калтырат.
2.18. Уюштуруучунун кызмат кишилери жана кызматкерлери Аукционго катышууга укуктары жок.
2.19. Аукционго катышып жаткан учурда Аукциондун Катышуучусу Уюштуруучуга өзү берген өздүк маалыматтарды изилдөөлөрдү жүргузүү максатында, ошондой эле почта аркылуу таратуу, SMS таратуу, телефон, интернет менен гана чектелбестен, байланыштын түрдүү каражаттарынын жардамы менен Уюштуруучунун кызматтарын алдыга жылдыруу максатында маалыматтарды иштеп чыгууга макулдугун жана уруксатын берет.
2.20. Конкреттүү Лот боюнча тоорук чегинде 1 (бир) гана катышуучу болгон учурда, Лотту блиц-баа менен сатып алган учурдан тышкары, тооруктар ишке ашкан жок деп эсептелинет жана лот тооруктан чыгарылат.
2.21. Тоорукка катышууда Катышуучуларга «НУР Телеком» ЖЧК байланыш түйүнүнүн SIM-картасы бар абоненттик түзүлүштөн – мобилдик телефондон (мындан ары-мобилдик телефон)тышкары башка жабдууларды колдонууга тыюу салынат.
2.22. Талаптарга туура келбеген, же бул Эрежелерди бузган кишилер Аукционго катыштырылбайт.
3. Тооруктун жеңүүчүсү
3.1. Ар бир конкреттүү Лот боюнча тооруктун жеңүүчүсү болуп тоорук учурунда Уюштуруучу тарабынан кабыл алынган жана катталган Лот үчүн максималдуу жогорку бааны биринчи болуп сунуштаган Катышуучу эсептелинет. Мында тоорукка экиден кем эмес Катышуучу катышуусу зарыл. Ошондой эле ар бир конкреттүү Лот боюнча жеңүүчү болуп Лотту биринчи болуп блиц-баа менен сатып алууну Катышуучу эсептелинет. Уюштуруучу аны кабыл алып жана катташы керек.
3.2. Уюштуруучунун өкүлү тоорук аяктагандан кийин 1 (бир) иш күнүнүн ичинде тооруктун жеңүүчүсү менен абоненттик номерине чалуу менен байланышат, ага жеңиши тууралуу кабар берет, ошондой эле аукциондун жеңүүчүсүнө керектүү кеңешин берет.
3.3. Конкреттүү Лот боюнча тооруктун жеңүүчүсү байланыш кызматын көрсөтүү тууралуу келишимди Аукциондун Уюштуруучулары белгилеген тартипте түзүү жана конкреттүү лот боюнча тоорук аяктагандан 3(үч) иш күнүнүн ичинде толук көлөмдөгү сатып алуу баасын төлөө милдетин өз мойнуна алат.
3.4. Конкреттүү Лот боюнча тоорук аяктагандан 3 (иш) күнүнүн ичинде Уюуштуруучу өзүнөн көз каранды эмес себептерге байланыштуу тооруктун Жеңүүчүсү менен байланыша албаган учурда, же Аукциондун Уюштуруучусу белгилеген убакытка байланыш кызматын көрсөтүү тууралуу Келишимди түзүүгө Жеңүүчү келбеген учурда, же сатып алуу баасын толук көлөмдө төлөбөй койгон учурда, анда бул Лот боюнча тооруктун жыйынтыктары жокко чыгарылат. Мында Жеңүүчү аукцион чегиндеги бардык ачык жана келечекте боло турган тооруктардан чыгарылат жана 1000 (бир миң) сом өлчөмүндөгү шертпул Жеңүүчүгө кайтарылып берилбейт.
3.5. Platinum категориясындагы конкреттүү премиум-номерди берүү менен «Нур Телеком» ЖЧК байланыш кызматын көрсөтүү тууралуу Келишимди түзүү үчүн тооруктун Жеңүүчүсү тоорукка катышкан SIM-картаны жана кимдигин тастыктаган документин көрсөтүүсү зарыл.
4. Тооруктун жеңүүчүсү менен «НУР Телеком» байланыш кызматын көрсөтүү тууралуу Келишимди түзүү
4.1. Platinum категориясындагы конкреттүү премиум-номерди берүү менен «НУР Телеком» ЖЧК байланыш кызматын көрсөтүү тууралуу Келишимди түзүү жана уткан Лот үчүн толөмдөрдү жүргүзүү үчүн тооруктун Жеңүүчүсү 3 (үч) иш күнүнүн ичинде Уюштуруучунун каалаган сатуу жана тейлөө кеңселеринин бирине кайрылышы керек.
4.2. Аукциондун жеңүүчүсү өткөн тооруктун жыйынтыктарына ылайык Лоттун толук өлчөмдөгү баасын төлөөгө милдеттүү. Лоттун баасы жеңүүчү тарабынан Уюштуруучунун сатуу жана тейлөө кеңселеринин биринде аукционго катышкан жана жеңишке жетишкен номердин балансына киргизилет. Киргизилген сумма Уюштуруучу тарабынан конкреттүү номердин эсебинен алынат.
4.3. Жеңүүчүнүн «НУР Телеком» ЖЧК (О! СМ) алдында карыздары, төлөнбөй калган эсептери же терс балансы болбошу керек.
4.4. Утуп алган Лот үчүн төлөм түрү : О! мобилдик операторунун каалаган сатуу жана тейлөө кеңселерине Жеңүүчү жеке кайрылган учурда сом менен.
4.5. Аукицондун жеңүүчүсү тарабынан бул эрежелердин 4.1.-4.3.-пункттары аткарылбаган учурда бул Лот боюнча жыйынтыктарды жокко чыгарууга алып келет. Мындай учурда, 1000 сом өлчөмүндөгү Шертпул жеңүүчүгө – кайтарылбайт.
4.6. Тооруктун жеңүүчүсүнүн абоненттик номерди кийин колдонуусуна байланыштуу бардык чыгымдар, анын ичинен байланыш кызматы үчүн чыгымдар жана муну менен катар башка кызматтар, салыктар КР мыйзамдарынын ченемдерине ылайык Уюштуруучунун тарифтерине жараша жеңүүчү тарабынан төлөнөт жана Аукциондун Уюштуруучусу тарабынан төлөнүп берилбейт.
5. Тоорукка катышуунун кошумча шарттары
5.1. Аукционго катышып жаткан учурда Катышуучу О! түйүнү камтыган аймактардын чегинде болушу зарыл.
5.2. Тооруктун катышуучусу техникалык же башка себептерге байланыштуу тооруктун жүрүшү тууралуу маалыматты SMS аркылуу убагында албай калгандыгы үчүн Уюштуруучу жоопкерчилик тартпай тургандыгы менен макулдугун билдирет.
5.3. Аукциондун жеңүүчүсү «НУР Телеком» ЖЧК байланыш кызматын көрсөтүү тууралуу Келишимди бузган учурда (аны бузуу себептерине карабастан), же номерден баш тарткан учурда, же Абоненттин каалоосу менен аны алмаштырган учурда төлөгөн акча каражаттарын талап кылууга акысы жок.
5.4. Тооруктун катышуучусунун төмөндөгүлөрдөн кабарадар жана макулдугун берет :
5.4.1. Номерлөө ресурсу (номердик диапозон), Platinum категориясындагы премиум-номердер дагы мамлекеттин менчиги болуп саналат.
5.4.2. Байланыш түйүндөрүнүн номерлөөсү өзгөргөн учурда, SMS-билдирүүлөрдүн жана массалык маалымат каражаттардын жардамы менен өзгөртүү мөөнөтү жаан себебин билдирүү менен Уюштуруучу абоненттердин макулдугусуз абоненттик номерлерди өзгөртөт. Кишилер номерлерди өзгөртүүгө 30 күн калганда, юридикалык тараптар – кеминде 6 ай калганда эскертилет.
5.4.3. Уюштуруучу «НУР Телеком» ЖЧК байланыш кызматын көрсөтүү тууралуу Келишимди бузууга же бузбай туруп 180 календарлык күн колдонулбаган учурда, же 90 календарлык күн карызы төлөнбөй колдонулган учурда, абонентке эскертүү берүү менен абоненттик номерди алып коюуга укуктуу.
5.4.4. 5.4.2. и 5.4.3.-пункттарда көрсөтүлгөн учурда Уюштуруучу Катышуучунун бул Аукциондун чегинде катышкан ардык тооруктардагы чыгымдарын эч бир түрдө төлөп бербейт.
6. Өткөрүү мөөнөтү
6.1. Аукционду өткөрүү мөөнөтү : 01.01.2024 ж. – 15.01.25 ж.
6.2. Ар бир конкреттүү Лоттун тоорук өткөрүү мөөнөтү Аукционду өткөрүүнүн жалпы мөөнөтүнөн айырмаланышы мүмкүн, бирок Аукицонду өткөрүү мөөнөтүнүн чегинен ашпайт.
6.3. Ар бир Лот боюнча тоорук өткөрүү мөөнөттөрү vipnomer.o.kg. интернет-сайтында жарыяланат.
7. Дооматтар жана аларды кароо тартиби
7.1. Аукционду өткөрүү боюнча бардык дооматтар жазуу түрүндө, Уюштуруучунун Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдрахманов, көч., 170/2, 2-Блок дарегинде жайгашкан сатуу жана тейлөө кеңсесинин кызматкерлерине берилиши керек.
7.2. Катышуучу дооматынын мазмунун кенен жана түшүнүктүү баяндап бериши керек. Дооматта Катышуучунун фамилиясы, аты, атасынын аты, байланыш телефону жана тоорукка катышкан телефон номери болуш керек.
7.3. Дооматты кароо мөөнөтү – ал катталган кундөн баштап 15 (он беш) иш күнү.
7.4. Дооматтарды кароодо Уюштуруучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана бул Эрежелерди жетекчиликке алат.
7.5. Уюштуруучу, Уюштуруучунун кызмат кишилери, кызматкерлери жана агенттери дагы Аукциондун катышуучуларына алардын тоорукка катышканда тарткан зыяны жана алган моралдык зыяны үчүн да жоопкерчилик тартышпайт.
7.6. Катышуучу тоорук учурунда SIM-картасын жана/же Абоненттик тузүлүшүн башка кишиге берип койгон учурда, же өз эрки менен баа койгон учурда жана тооруктан утуу максатында ири өлчөмдөгү акчасын жок кылып койгон учурда Уюштуруучу эч кандай жоопкерчилик тартпайт.
7.7. Аукционго катышып жана Катышуучу катары катталып жаткан учурда ар бир Катышуучу автоматтык турдө бул Эрежелердин текстин көңүл коюп окуп чыккандыгын жана түшүнгөндүгүн, Эрежелердин шарттары жана жоболору менен кыңк этпестен, эч кандай чектөөсүз жана жокко чыгаруусуз макул экендигин билдирет.